ТОКТОМ
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 27-майындагы №02/1605 сандуу каты, Манас айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 21-майындагы №01-18/973 сандуу каты жана 2025-жылдын 27-майындагы №117 жана №117/1 сандуу билдирүүсү, жер боюнча туруктуу комитетинин 2025-жылдын 21-майындагы отурумунун протоколу, Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, кеңири ой пикирлер менен жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын 3-пунктунун негизинде Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Манас айыл аймагына караштуу Зарбдар айылында жайгашкан “Авиа+” ЖЧКсына тиешелүү сугат айдоо жерлерин, учактарды тейлөө үчүн ангар куруу максатында, №143 контурундагы жалпы аянты 4,40 га сугат айдоо жерлерин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүүнү сунуштайбыз.
- Бул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Рустамовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш транспорт жол курулуш, энершетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
ТОКТОМ
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы, Манас айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 21-майындагы №01-18/979 сандуу каты Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, кеңири ой пикирлерден кийин Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Манас айыл аймагына караштуу, Нариман айылында “Буожан-Ата” МЧББУна кошумча 6 тайпа ачууга макулдук берилсин.
2. Нариман айылындагы “Буожан-Ата” МЧББУна штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Манас айыл өкмөтүнүн башчысына жана Манас айылдык кеңешинин элге билдим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык маданий маселелер, жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Манас айыл аймагынын ВЛКСМ айылында жайгашкан №38 контурундагы 0,03 га жер аянтына, эски чайкананын ордуна милициянын айылдык бөлүмчөсүн курууга жана Алим-Төбө айылында жайгашкан №82 контурундагы 0,015 га милициянын айылдык бөлүмчөсүн куруу үчүн Манас айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик укугун алууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Рустамовго жүктөлсүн.
- Аталган токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы Манас айылдык кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин негизинде жана Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Манас айыл аймагындагы Нариман айылдык ооруканасынын ээлеп турган ордун 1,88 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
- Токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Рустамовго жүктөлсүн.
- Аталган токтомдун аткарылышын козөмөлдөө жагы Манас айылдык кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.
ТОКТОМ
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VIII сессиясы, Нариман жана Зарбдар айылдарында 2025-жылдын 20-июнунда болуп өткөн элдик жыйынынын протоколунун негизинде, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан талкууланып, кеңири ой пикирлерден кийин Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Манас айыл аймагынын Нариман айылына Нариман-2 шайлоо участогун ачууга макулдук берилсин.
- Токтомдун документтерин даярдоо жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук жана коомдук тартипти сактоо, аксакалдар соту, өзгөчө кырдаал, коомдук уюмдар, регламент, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясыны тапшырылсын.
ТОКТОМ
Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IX сессиясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын директору С.Т.Ахмедовтун суранычы, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 11-июлундагы корутундусу, Манас айыл өкмөтүнүн билдирүүсү жана Манас айылдык кеңешинин жер комиссиясынын 2025-жылдын 14-июлундагы протоколу Манас айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан кеңири ой пикирлер менен талкууланып жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын негизинде Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Манас айыл аймагына караштуу Зарбдар айылындагы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын менчигиндеги №138 контурундагы 0,80 га жана №143 контурундагы 0,76га жалпысы болуп 1,56 га сугат айдоо жер аянтына аэронавигациялык мунара курууга жана аэродром инфраструктурасын кеңейтүү үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, энергетиканын, байланыштын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына (трансформациялоого) которууга макулдук берүү сунушталат.
- Бул токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Рустамовго жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34,39-беренелеринин, Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2025-жылдын 30-июнундагы “ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө” №1-44-1225-25 сунуштамасы, Манас айылдык кеңешинин 2025-жылдын 15-июлундагы кезексиз IX сессиясынын протоколунун негизинде Манас айыдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Манас айылдык кеңешинин ( I шайланган ) депутаттардын 2025-жылдын 15-июлундагы кезексиз IX сессиясынын протоколуна жана Кара-Суу райондук прокуратурасынын 2025-жылдын 30-июнундагы “ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө” №1-44-1225-25 сунуштамасына. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39-беренесинин 5-пунктунун негизинде Манас айылдык кеңешинин 2024-жылдын 19-апрелиндеги“Жер участокторунун көлөмүн бекитип берүү жөнүндө” №24/2 токтому жокко чыгарылсын.
- Манас айыл өкмөтүнүн башчысына Кыргыз Республикасынын “Жер укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” Мыйзамынын 8-беренесине ылайык калктуу конуштагы жеке турак үйдүн курулушу үчүн жер участокторунаукук белгилөөчү жок жер участоктору боюнча иш алып баруу жагы тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жер жана агрардык маселелер, коммуналдык менчик, соода, байланыш транспорт жол курулуш, энергетика, капиталдык курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 18-статьясынын жана Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Манас айыл өкмөтүнүн Кайрагач айылында жайгашкан №1 контурундагы 5,48 га сугат айдоо, №2 контурундагы 0,57 га таза жайыт, №3 контурундагы 2,83 га кайрак айдоо, №4 контурундагы 0,53 га таза жайыт, №5 контурундагы 0,07 га ыңгайсыз жер, №6 контурундагы 0,30 га таза жайыт, №5 контурундагы 0,05 га ыңгайсыз жер, №9 контурундагы 0,08 га ыңгайсыз жер, №11 контурундагы 0,21 гасугат айдоо, №32 контурундагы 0,77 га таза жайыт жалпысы болуп 13,10 га жераянтына кыш заводун куруу максатында “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу сунушталсын.
- Токтомдун аткарылышы Манас айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Рустамовко жүктөлсүн.
- Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айылдык кеңешинин жер комиссиясына жүктөлсүн.
ТОКТОМ
Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 633-т Тескемесинин, Манас айыл өкмөтүнүн сунуш катынын негизинде Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Манас айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдөө максатында “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКнан “Шевроле Треккер” унаасынын лизинг келишими аркылуу сатып алууга макулдук берилсин.
- ФЭБ башчысы М.Сайдазимовго “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ААКменен келишим түзүү жана лизинг боюнча төлөмдөрдү аткаруу үчүн жакынкы 5 жылга жергиликтүү бюджеттен акча каражаттарын кароо боюнча сунуштарды берүү жагы милдеттендирилсин.
- Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айылдык кеңешинин бюджет, экономикалык саясат, инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
ТОКТОМ
Манас айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардын аймагындагы таштандыларды чыгаруу үчүн, жыйындын өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин VI бөлүмүнүн бюджеттер аралык мамилелер принциптеринин 48-беренесинин жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин 9-пунктуна ылайык жана Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 8-декабрындагы №025-04-3-12920 сандуу катынын негизинде, калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйындардын өлчөмү боюнча айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн жана 2024-жылдын 26-августундагы Финансы, бюджет жана экономика, өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш энергетика жана инвестиция тартуу, ишкердүүлүк, коомдук уюмдар менен иштөө жана алардын иштерин пландаштыруу боюнча туруктуу комиссиялардын кошмо отурумунун негизинде кеңири ой пикирлерди угуп жана талкуулап Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Манас айыл өкмөтүнүн калктуу конуштардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйындын өлчөмү ишканалардын түрүнө карабастан ар бир жумушчу үчүн 1 жылга 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
- Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Манас айыл өкмөтүн киреше бөлүмүнө тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы, бюджет жана экономика, өнөр жай, курулуш, транспорт, соода байланыш энергетика жана инвестиция тартуу, ишкердүүлүк, коомдук уюмдар менен иштөө жана алардын иштерин пландаштыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
ТОКТОМ
Манас айыл аймагындагы Тажик-Абад айылынын Р.Халбаев көчөсүнүн №64 үйүндө, үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Ахбуллаева Рохила Кадыровна жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 кенже тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Тажик-Абад айылынын Р.Халбаев №64 үйүндө, үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 кенже тайпа ачууга уруксат берилсин.
- Манас айыл аймагындагы үй шартында ачылган “Замандаш” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 кенже тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
- Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Замандаш” балдар бакчасынын жетекчиси Ахбуллаева Рохила Кадыровнага жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын.
ТОКТОМ
Манас айыл аймагындагы Нурдар айылынын Ш.Нурматов көчөсүнүн №27 үйүндө, үй шартында ачылган “Күн желеси” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Гадаева Муборак Дильмуратовнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 даярдоо тайпасын ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Нурдар айылынын Ш.Нурматов №27 үйүндө, үй шартында ачылган “Күн желеси” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 даярдоо тайпасын ачууга уруксат берилсин.
- Манас айыл аймагындагы үй шартында ачылган “Күн желеси” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1 даярдоо тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
- Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Күн желеси” балдар бакчасынын жетекчиси Гадаева Мубаракхон Дильмуратовнага жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын.
ТОКТОМ
Манас айыл аймагындагы Нурдар айылынын Бабур көчөсүнүн №49 үйундө, үй шартында ачылган “Бахрамжан ата” муниципалдык балдар бакчасынын жетекчиси Кенжаева Сохиба Бахрамовнанын жазган арызынын негизинде бала бакчага кошумча 1 орто тайпа ачуу жөнүндө Манас айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына таянып, даярдалган иш кагаздарынын негизинде, Манас айыл аймагынын Нурдар айылынын Бабур көчөсүндөгү №49 үйүндө, үй шартында ачылган “Бахрамжан ата” муниципалдык балдар бакчасынына кошумча 1 орто тайпа ачууга уруксат берилсин.
- Манас айыл аймагындагы үй шартында ачылган “Бахрамжан ата” муниципалдык балдар бакчасына кошумча 1орто тайпа ачуу үчүн штаттык бирдиктерди берүү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
- Ушул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын “Бахрамжан ата” балдар бакчасынын жетекчиси Кенжаева Сохиба Бахрамовнага жүктөлсүн.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Манас айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Жаныбек уулу Элдиярга тапшырылсын.